Turmush — Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Камыш айылынын тургуну Замирбек Тургунбаев эң мыкты оюнчу аталып, убагында премьер-министрден белекке ат алган. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жылкы багуунун, ат таптоонун сырларын айтып берди.
Замирбек Тургунбаев 1957-жылы 12-мартта жарык дүйнөгө келген. Ал 11 бир тууган. Эркек бир туугандарынын эң улуусу окууну бүткөндөн баштап колхоздо эмгектенген. Атасы жылкычы болгондуктан союз таркаганга чейин жылкы баккан. Өзүнүн 4 кыз жана 3 уулу бар. Кыздарын турмушка берип, бир уулун үйлөткөн. Учурда 20 неберенин тай ата, чоң атасы. Эми эки уулун үйлөнтүүнү пландап жатат.
Бала кезимден жылкы багууга аралаштым
6-класстан баштап эле атама жардам берип, жылкыларды кошо карашкам. Себеби атам жылкы бакчу. Жылкыны багуунун, улакка чабуунун сырларын атамдан үйрөндүм. Колхоз убагында атам күлүк таптачу экен. Атты багыш оңой, бирок таптоо кыйын. Таптаганда түн уйкудан калып кыйналасың. «Аргымакты 40 күн бакса, 40 күн суутат» деп калат илгеркилер. Ал эми атам болсо аттын табына карайт эле. Ар бир аттын табы ар кандай болот. Бир калыпта тапташ кыйын.
Улакта мыкты оюнчу болдум
Жаш кезимден эле улак чаптым. Облуска чейин барып, ал жактан жеңген соң Фрунзеге (Бишкек) барып улак чаптым. Ал кезде диплом, грамота берет эле. 1995-жылы Манастын 1000 жылдыгына арналган мааркеге катыштым. «Мыкты оюнчу» наамын алып, ошол учурдагы премьер-министр Апас Жумагулов өзүнүн атын мага берди. Биздин убакта «Бүркүт» командасы деп Ош облусунун атынан Фрунзеге барат эле. Бул команданы мен жетектегем. Ошентип «Бүркүт» командасы 1995-жылга чейин көк бөрү оюнунун талаасында биринчи орунду эч кимге берген жок. Башка облустарга биринчиликти алдырган жокпуз. Андан сырткары Курманжан датканын 180 жылдыгына да катышып, жакшы оюн көрсөттүм. Кыргызстанда 1996-жылдан баштап спортко көңүл бурулуп калды.
Оюнда «кырч» этип жаагым сынганы билинди
Бир жолу Өзгөн командасына кошулуп, Бишкекке бардык. Оюн учурунда жерден улакты көтөрүп алгыча, нары жактан келип, каршылаш команда урду. Урганда «кырч» этип жаагым сынганы билинди. Анан аттан түштүм. Тез жардам келип, мени алып жөнөдү. Салып жөнөгөндөн кийин ылдый ээгимди медайымдар кармап кетип жатты. Жаагым эсен экен. Бирок сынганын билем. Кийин үстүңкү тишимди кармасам бөлөк-салак болуп жатат. Көрсө, үстүңкү жаак сыныптыр. Ооруканага баргандан кийин рентгенге салып, тиштериме зым байлап, бир гана суюктук ичүүм керектигин айтып, тишимди таңып беришти. Анан ал жерде улак бүткөнгө чейин жаттым. Бир жумадан кийин кайра кетпесем болбойт деп аба каттам менен келе бердик. Жаагым кайра 6 айга жетпей эле айыгып кетти. Үстүңкү тиш тез бүтөт экен, кийин дагы улакка катыштым.
Дагы бир жолу улакта аттын тизеси мурдума тийип, мурдум ары кирип кетиптир. Ал жерден жаракат алып, оруканага барып таңдырып, салдырып, түздөттүм. Үйдөгүлөр мурдум сынганын угуптур. Улакчы дагы, саяпкер дагы болуш оңой иш эмес.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...