Turmush — Кыргызстанда жапайы жаныбарларды коргоо боюнча атайын иш-чаралар байма-бай өткөрүлбөгөнү менен азайып бараткан жаныбарларды аткандарга салынуучу айып пулдун көлөмү жогорулады. Бирок бул канчалык натыйжа берип, канчалык жапайы жаныбарлар корголуп жатканын так кесе айтып бере турган институттар жокко эсе.
Маселен, Ош облусунда 2024-жылдын 1-январынан 4-декабрына чейинки аралыкта Кызыл китепке кирген эки жаныбар — 2 кумай атып, жапайы эчкемерди кармагандарга айып пул салынган. 2 кумайды аткан адамга 20 миң сом доо коюлуп, 200 миң сом айып пул салынган. Аталган жаран 110 миң сомун төлөгөн. Калганын дагы төлөмөй болгон. Ал эми жапайы эчкемерди кармап алган жаранга 20 миң сом доо коюлуп, иш прокуратурага өткөрүлүп берилген.
Айып пулдардын өлчөмү көбөйгөндө Кызыл китепке кирген жаныбарларды атуу фактысы азайдыбы?
Быйыл июлда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылгандарда айып пулдардын өлчөмүн көбөйткөнүн билдирген.
Министрликтин маалыматына ылайык, айып пулдун көлөмү төмөндөгү жаныбарлар үчүн жогорулады:
- ак илбирс – 2 млн сом (мурда 1,5 млн сом болгон);
- аркар, күрөй аюу, марал (бугу), жейрен – 1,5 млн сом (мурда 1 млн сом болгон);
- тоо теке – 300 миң сом (мурда 100 миң сом болгон);
- элик – 100 миң сом (мурда 50 миң сом болгон).
«Айып пулдардын өлчөмүнүн көбөйтүүнүн негизги максаты — өсүмдүктөрдү жана фаунаны коргоонун натыйжалуу системасын түзүү», - деп айтылган министрлик тараткан маалыматта.
Ошондой эле министрлик аталаган жаныбарларды аткандар боюнча маалымат берген жарандарга айы пулдун жарымы берилерин кошумчалаган.
Аталган министрликке караган Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аңчы адиси Хамиджан Мурзаев белгилегендей, мыйзам менен корголгон жаныбарларды аткан сейрек гана учурлар катталат.
«Илбирстин, аркардын, күрөң аюунун айып пулдары көбөйдү. Бул жакшы чара болуп саналат. Эми аңчылык кылууну каалаган адамдар да ойлоно турган болуп калды. Жапайы жаныбарларды коргоо үчүн ушундай кадамдар керек болчу», - деди ал.
Хамиджан Мурзаев кошумчалагандай, жапайы жаныбарларды аткан факты акыркы жылдары Ош облусунда катталган жок. Акыркы жолу 2020-жылы Баткенде 2 ак илбирсти атып, терисин алып бараткан аңчылар Оштон колгон түшкөн. Аталган иш укук коргоо органдарына өткөрүлгөн.
Кызыл китепке кирген жаныбарлар кайсылар жана жоголуп бара жаткан жаныбарлардын саны канча?
Кыргызстандын Кызыл китеби үч жолу кайрадан басылган. Алгачкы кызыл китеп 1985-жылы басылган болсо, экинчи жолу 2006-жылы кайрадан басылган. 2019-жылы үчүнчү басылышы чыккан.
2019-жылдагы маалыматтар боюнча, Кыргызстандын Улуттук кызыл китебине сүт эмүүчүлөрдүн түрүнө кирген жаныбарлардын 23 түрү, балыктын 7 түрү, амфибиялардын 2 түрү, өсүмдүктөрдүн 83 түрү, канаттуулардын 57 түрү, сойлоочулардын 83 түрү, муунак буттулардын түрү киргизилген.
Кызыл китеп — бул жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жоголуп бара жаткан жана сейрек кездешүүчү түрлөрүн каттоочу тизмеси. Эң алгачкы Кызыл китеп Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык союз тарабынан 1963-жылы басылган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзмөл министрлигинин 2023-жылдын август айындагы маалыматына караганда, сейрек кездешүүчү жаныбарлардын тизмеси төмөндөгүдөй болгон:
– Марко Поло аркарлары — 18 092;
– сүлөөсүндөр — 1 789;
– маралдар — 710;
– аюулар — 595;
– ак илбирстер — 449.
Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аңчы адиси Хамиджан Мурзаев белгилегендей, Кызыл китепке кирген жаныбарлар бир нече түрү Ош облусун байырлайт.
Алар:
- Тянь-Шань аркары;
- күрөң аюу;
- сүлөөсүн;
- ак илбирс,
- кундуз;
- индиялык дикобраз (кирпи);
- суусар;
- бүркүт;
- кумай;
- тоо теке;
- жейрен;
- жапайы мышык;
- күрөң эчкемер;
- суур;
- бугу;
- аркар;
- кашкулак.
Жапайы жаныбарларды коргоо боюнча эмне иштер актарылып жатат?
Жапайы жаныбарларды жана сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү коргоо боюнча Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш департаментинин адистери иш алып барат.
Хамиджан Мурзаев кайрадан кепке аралашып, бул жаатта кандай иштер катарылып жатканын айтып берди.
«Биздин милдет — жапайы жаныбарларды коргоо, биотехникалык иш-чараларды уюштуруу. Маселен, жылына жапайы жаныбарларга эки жолу жем, туз чачып турабыз. Ошол эле кезде адистерге түзүлгөн шарт начар. Бизге автоунаа берилген эмес. Форма менен жыл сайын камсыздай алышпайт», - деди ал.
Сейрек кездешүүчү жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча эл аралык уюмдар да арбын. Алардын бири — НАБУ уюму. Бул уюм ондогон жылдардан бери Кыргызстанда да иштеп, мамлекеттик аңчы адистерге, экологдорго жардам берип келүүдө. Аны менен катар эле аталган уюмдун адистери жер-жерлерде жапайы жаныбарларды коргоо боюнча түрдүү иш-чараларды уюштуруп турат.
«Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында тоо эчкиге мыйзамсыз аңчылык кылуу фактысын аныкташкан. Атап айтканда, аталган коруктун Каңгырама участкасында атылган үч кийиктин (2 теке, 1 эчки) башы жана алардын терилери табылган. Бирок окуя болжолдуу бир айдын аралыгында катталгандыктан, далилдүү материалдар табылган жерден шектүү браконьерлер кармалган эмес. Аталган факт боюнча акт түзүлүп, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Башкармалык табылган бул материалдарды "Барс-2" тобунун кызматкерлери менен биргеликте атайын экспертизага тапшырган.
Мындан сырткары, 29-майда Ош облусунун Алай районундагы Нура айылынын четинен Кызыл китепке кирген шумкар жана карчыга сымалдуулар түркүмүнө кирген эки гималай кумайын (снежный гриф-Gyps himalayensis) жана бир кызыл суурду мыйзамсыз аткан эки жаран кармалды. Аларды Алай райондук жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери, райондун аңчы адиси жана NABU-Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн "Барс-2" тобунун кызматкерлери пландан сырткары жүргүзүлгөн атайын рейддин алкагында колго түшүрүштү.
Ошондой эле Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Айыр-Таш жайлоосуна жапайы тоо теке өзүнүн табигый жашоо чөйрөсү болгон жапайы жаратылышка кое берилген. Аны буга чейин NABU Кыргызстан уюмунун "Барс-2" тобу жана Кара-Кулжа районунун аңчы адиси аталган аймактагы Жүлгүр жайлоосунда бир нече айдан бери короосундагы мал-жандыктар менен кошо багып жүргөн жарандан алышкан. Тоо теке жапайы жаратылышка кое берилери менен аска-зоолорго качып чыгып кетти. Райондун аңчы адиси Жеңишбек Бекташевдин айтымында, аны Айыр-Таш жайлоосунун кийиктер көп жүрчү кыркаларынын бирине кое беришти. “Эми ал өз үйүрүн табаарына ишеним чоң дейт ал», - деп айтылат НАБУ Кыргызстан уюмунун түштүк аймагы боюнча басма сөз кызматынын маалыматында.
Жапайы жаныбарларды коргоо эмне үчүн маанилүү?
Жапайы жаныбарлардын жок болушу тоонун экосистемасын бузушу мүмкүн. Ошондой эле алардын жок болушу менен аларга азык болгон башка жаныбарлардын саны өсүп, жайыттарды кунарсыздандырып, өсүмдүктөрдүн көп түрдүүлүгү бузулуп, жаратылыштын табигый балансы бузуларын адистер айтып келишет.
«Жаратылыштагы бардык жаныбарлардын орду бар, жаныбарлардын жаратылыштагы ордун качан экосистема деген жаратылыштын системасын түшүнгөндө гана биле алабыз.
Экосистема деген эмне ? Экосистема — бул бир аймакта жашаган жана бири-бири менен тыгыз байланышта болгон тирүү жана тирүү эмес компоненттердин топтому. Мисалы, көлдүн экосистемасына балыктар, суу өсүмдүктөрү, суу, күн нуру жана аба кирет. Ал эми тоодо жашаган жаныбарлардын ордун тоо экосистемасы аркылуу түшүндүрө алабыз. Жаратылышта тирүү организмдердин ортосунда зат алмашуу жана энергия алмашуу процесстери жүрөт. Мисалы, күндүн энергиясы жерге келип түшкөндө энергияны биринчи өсүмдүктөр өзүнө сиңирип алат, бул энергияны жеген тамагы аркылуу өсүмдүк менен тамактануучу жаныбарлар өзүнө өткөрүп алат. Мисалы, коен, тоо эчкилери, аркар, кулжа жана башкалар. Андан ары бул энергия эт менен азыктануучу жаныбарларга өтөт, булар жырткычтар. Мисалы, ак илбрис, карышкыр, сүлөсүн, манул, бүркүт жана башкалар. Карап көрсөк, энергиянын айлануусуна тоону байырлаган баардык тирүү организмдер катышат. Тоодогу тирүү организмдин бир эле түрүнүн жок болуусу тоо экосистемасындагы айлануунун бузулуусуна алып келет. Дагы айта кетчү нерсе, бул тамактануу чынжыры жаратылыштагы баардык организмдердин санын жөнгө салып турат. Мисалы, тоодо илбирс, сүлөсүн, бүркүт, карышкыр сыяктуу жырткыч жаныбарлар жок болуп кетсе аларга жем болуучу өсүмдүк менен тамактанган жаныбарлардын саны адаттан тыш көбөйүп кетет. Мисалы, тоо эчкилери, аркар,кулжалардын саны өсүп тоодогу жашыл чөптөрдү, бадал-дарактарды жеп санын азайтат, туягы менен жерди эзип деградацияга учуратат», - деп белгилейт НАБУ Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн экологиялык билим берүү боюнча адиси Айтолкун Арстанова.
Жогорудагы айтылган маалыматтардан, келтирилген мисалдардан жаратылышта ар бир жаныбардын орду бар экенин түшүнсөк болот.
Сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоонун мааниси жана башка жаратылышты сактоонун орчундуулугу тууралуу маалыматтык кампаниялар мамлекеттик институттар жана эл аралык уюмдар тарабынан байма-бай уюштурулуп турат.
Биотүрдүүлүктүү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Ош облусундагы аңчы адистери район-шаарларда, айыл-кыштактарда семинарларды, мектептерде окуучуларга ачык сабактарды уюштуруп турушат.
Адистер жапайы жаныбарларды коргоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүү үчүн жылына 100дөн ашык иш-чара уюштурушкан. Бирок ошондой болгон күндө да эл арасында бул жаат боюнча маалыматтуулук аз экенин белгилеп келишет.