Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Ош облусуКара-Кулжа району 13.11.2018 13:49

Мырза-Аке—Кара-Кулжа— Алайкуу жолундагы кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылды

Turmush -  Кара-Кулжа районундагы Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу жолунун 75-76-чакырым аралыгында кар көчкү тазаланып, жол бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, көлөмү болжол менен 6000 метр куб кар көчкү түшүп, жол жабылып калган болчу. Аны тазалоого №26 жол тейлөө ишканасынан 2 жүктөгүч жана 1 бульдозер тартылган. Саат 12:10до каттам бир тараптуу ачылды. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.

Окуя тууралуу:

Бүгүн, 13-ноябрда саат 06:10 чамасында Кара-Кулжа районунда, тактап айтканда Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу жолунун 75-76-чакырым аралыгында кар көчкү түшүп, жол жабылганы кабарланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок болчу. Жерине Кара-Кулжа райондук өрт-куткаруу бөлүмүнүн башчысы барып, 3 техника тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×