Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 09.11.2018 13:45 На русском

Кара-Кулжадагы христиандардын жалгыз көрүстөнү толуп калган. Маркумдар Өзгөндө жерге берилет (сүрөт)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүндөгү Кара-Кулжа айылында христиандардын жалгыз көрүстөнү толуп калган. Буга байланыштуу 20 жылдан бери маркумдардын сөөгүн Өзгөндүн Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү көрүстөндө жерге беришет. Бул тууралуу айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Данияр Кадыров билдирди.

Анын айтымында, учурда айылда орус улутундагы 3 гана үй-бүлө калган.

«Мурун союз убагында биздин айыл өкмөттө орус улутундагы адамдар көп эле, 50дөй кожолук бар болчу. Союз таркагандан кийин орус улутундагы үй-бүлөлөр көчүп кетишкен, учурда 3 үй-бүлө калган. Ал эми айылдагы алардын жалгыз көрүстөнү толуп калган. Учурда каза болгон маркумдун сөөгү Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү көрүстөнгө коюлат», - деди Д.Кадыров.

Ал эми жергиликтүү тургундардын бири Сүйүн Талипов: «Биздин айылда орус улутундагылардын жалгыз көрүстөнү бар. Ага 20 жылдан бери эч кимдин сөөгү коюлбай калган. Айрым учурларда маркумдарды эскерип келип калгандарга күбө болуп калам. Бизде азыр орус улутундагылар жокко эсе», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×