Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 23.10.2018 18:05

Кара-Кулжада 4,8 млн сомго бала бакчанын имараты курулду (сүрөт)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Токбай-Талаа айылында «Бал бөбөк» бала бакчасынын жаңы курулган 60 орундуу имараты бүгүн, 23-октябрь күнү пайдаланууга берилди. Бала бакчанын жетекчиси Сулуукан Жорубаеванын айтымында, курулушка жалпы 4 млн 790 миң 520 сом сарпталган. Анын ичинен 3 млн сому түрткү берүүчү гранттан, 1 млн сому жергиликтүү бюджеттен каржыланды.

Ошондой эле жашоочулар менен демөөчүлөр 790 миң сом чогултушкан.

Иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканов, Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдурасул Абдыкадыров, айыл өкмөттүн башчылары жана аталган айылдын тургундары катышты. Бакчада заманбап шарттар толук түзүлгөн. Ал эми буга чейин имарат жоктугунан мектепке чейинки курактагы балдар Б.Исаев атындагы орто мектептин эски имаратында тарбияланып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×