Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 22.10.2018 18:47 На русском

Тоо текени мыйзамсыз атып, төрткө бөлүп жүктөп бараткан мергенчи кармалды (сүрөт, видео)

Turmush -  Кара-Кулжанын Алайкуу өрөөнүндөгү Кашка-Суу жайлоосунда мыйзамсыз тоо теке аткан мергенчи кармалды. Бул фактыны Ош ОИИБден тастыкташты.

Маалым болгондой, 29-сентябрь күнү Кашка-Суу жайлоосунда Жаратылышты коргоо жана пайдалануу департаментинин кызматкерлери тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Анын алкагында тоо текени мыйзамсыз аткан адам анын этин төрткө бөлүп, ат-эшектерге жүктөп бара жаткан учурда кармалды.

Кара-Кулжа РИИБ тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп, мергенчи күнөөсүн мойнуна алган. Учурда териштирүү иштери улантылып жатат.

Адатта тоо текелер, кийиктер күз айларында көбөйүшөт. Андыктан бул айларда мындай жаныбарларды атууга тыюу салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×