Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 02.10.2018 21:36 На русском

Айыл турмушу: Чыгармачыл туугандары менен өскөн М.Качкынчиев жердештерине музыкалык аспаптарды, темир буюмдарды жасап берет

Turmush -  Кара-Кулжанын Күйөө-Таш айылынын тургуну Маметкадыр Качкынчиев көп кырдуу талант ээси. Ал жогорку билимге ээ болбосо дагы өз алдынча музыкалык аспаптарды жасап келет. Анын айтымында, уста болуп калыптанып калуусуна бир туугандарынын музыкант болгону себепкер.

М.Качкынчиев жаш кезинен эле агасына жакын болуп, чыгармачылыкка да, устачылыкка да кызыгуусу арткан. Агасы Акылбек Бөкөнов Оштогу музыкалык окуу жайды аяктап, андан соң Кара-Кулжа районундагы Рыспай Абдыкадыров атындагы музыкалык мектептин директору болуп иштеп, кийин пенсияга чыккан. Ал эми эжеси Суусарбүбү Бөкөнова уз-чеберчилик менен алек. Ал Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып, өз колунан жаралган эмгектерин көрсөтүп келет. Быйыл да III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышты.

Ал эми Маметкадыр Качкынчиев учурда темир менен жыгачтан музыкалык аспаптарды жасап жатат.

«Мен бир комузду 4-5 күндө даярдайм. Музыкалык аспапты жасоого бардык шаймандарым бар. Жыгач уста болуу деле оңой эмес, ал эми жыгачка үн киргизүү көп түйшүктү талап кылат. Музыкалык аспаптарга керектелүүчү материалдарды айылдан эле сатып алам. Негизинен аспаптар карагай жана теректен жасалат. Кеткен чыгымына жана мээнетибизге жараша комуздун баасын аныктайбыз. Бир комузду 2 миң сомдон 4 миң сомго чейин сатам», - деди ал.

Устаны айылдаштары жакшы таанышат. Ал жыгачтан сырткары темир менен да иштеп, айылдаштарына күнүмдүк жумушка пайдалануучу буюмдарды, дарбазаларды жасап берет.

«Бир нерсени көрсөм аны сөзсүз жасайм, аны жасамайынча тура албайм. Жакында ооз комуз, кыяк жасайын деп турам. Максатым — өзүм устакана ачып, балдарга устачылыкты үйрөтүү», - деп кошумчалады.

Маметкадыр Качкынчиев жубайы экөө 2 уул, 5 кыздуу болушуп, бардыгы турмуш курушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×