Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 27.08.2018 19:44 На русском

Күйөө-Таш айылында жаңы спорт зал куруп башташты

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Күйөө-Таш айылында мамлекет тарабынан спорт зал курулуп жатат. Жергиликтүү тургундар билдиргендей, кечээ, 26-августта жаңы спорт залдын капсуласы салынып, курулуш иштери башталды.

Бул спорт зал А.Жаанбаев мектебинин аймагында жайгашкан. Курулуш ушул жылы бүткөрүлсө окуучулар дене тарбия сабактарын жаңы спорт залда уланта баштайт. Спорт зал заманбап типте курулуп, анда волейбол, баскетбол жана башка спорттук оюндарды ойноого ылайыктуу болот.

Долбоордун максаты жаңы спорт залда келечектеги Кыргызстандын желегин дүйнөгө дүңгүрөткөн спортчуларды чыгаруу, элге жакшы шарт түзүү менен ден сак жаштарды өстүрүү болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×