Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 23.08.2018 10:24

Кара-Кулжада сибирь жарасына шектелген адамдардын үчөө ооруканадан чыгарылды

Turmush -  Кара-Кулжа районунда сибирь жарасына (күйдүргү) шектелип ооруканага жаткырылган бейтаптардын үчөө кечээ, 22-августта үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар аркылуу маалым болду.

Буга чейин тери оорусу менен жабыркаган 12 адам сибирь жарасына шектелип, ооруканага жаткырылган болчу. Алардын ичинен экөө жаш балдар. Бүгүн дагы 7 бейтап ооруканадан чыгарылат. Ал эми калган 2 бейтапты 2-3 күндүн ичинде ооруканадан чыгаруу күтүлүүдө.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, 12 адам тери оорусунун адам өмүрүнө эч кандай коркунуч келтирбеген жана бат айыгуучу түрүнө чалдыккан.

Буга чейин Turmush басылмасы алдын ала маалыматтарга таянып, райондогу Карагуз айыл өкмөтүнүн Калматай жана Кыз-Мазар айылдарынын тургундары сибирь жарасы менен ооруган малдын этин жеген деп болжолдонуп жатканын маалымдаган болчу. Мал 6-август күнү Алтын-Күрөк айылында союлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×