Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 17.07.2018 09:18 На русском

Терек айылындагы ФАПтын жаңы имараты курулуп жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу Терек айылында ФАПтын жаңы имаратынын курулуш иштери башталды. Имарат чет элдик демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен курулуп, 12 адам жумуш менен камсыздалат.

Айылдагы ФАПтын эски имараты көп жыл мурун курулуп, жараксыз абалга келип калган болчу. Эски имарат курулуш иштери башталганга чейин бузулган.

Аймактык оорукана айылдан алыс жайгашкандыктан жергиликтүүлөр жаңы, заманбап ФАПка муктаж болуп келишкен. Ошондой эле айылдагы жалгыз бала бакчанын, маданият үйдүн имараттары жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×