Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 09.07.2018 15:30

Кара-Кулжанын Ой-Тал айыл өкмөтүнүн тургундары 3 жыл балык уулабай турган болушту

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл өкмөтүнүн тургундары 3 жыл балык уулабоо чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Кубатбек Осмонов билдирди.

Анын айтымында, алардын бул чечимине жыл сайын балыктардын саны азайып жатканы себеп болгон.

«Ой-Тал айыл өкмөтүн тоолуу аймак болуп эсептелинет. Андыктан тоолордогу аккан мөңгү суулары топтолуп отуруп, 2 дарыя болуп агат. Ага илгери балыктардын уруктары чачылып келгендиктен осман, маринка балыктарынын түрлөрү бар. Акыркы мезгилде эл тынымсыз балыктарды тор, ток аркылуу тутуп келишет. Анын кесепетинен балыктар кескин азайып кеткен. Мындан мурда балыктардын көптүгүнөн дарыянын жанынан өтсөң балыктардын ар тарапка секирип жатканын көрчүбүз. Азыр балыктар дээрлик көрүнбөй калган. Учурда жергиликтүүлөр 3 жыл балык кармабоо чечимин кабыл алышты. Ага кошо сырттан келген адамдарды да балык кармабоого үндөп жатабыз. Эми кийинки жылдан тарта тоодогу кайберендерди да атууга тыюу салуу жагын карап жатабыз»,-деди Осмонов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×