Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Ош

Кара-Кулжада «Ауди» оодарылып кетип, айдоочу каза болду

Turmush -  Кечээ, 12-июнда саат 15:00 чамасында Мырза-Аке—Алайкуу автоунаа жолунун 40-чакырымында «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсык болду. Анын кесепетинен айдоочу Кара-Кулжа районунун 1967-жылы туулган тургуну С.Т. каза болгон.

Ош ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, автоунаа оодарылып кеткен. Айдоочу окуя болгон жерде каза болуп, 2 жүргүнчү Кара-Кулжа аймактык ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жеткирилди. Бул окуяны Кара-Кулжа РИИБ териштирип жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 462
Көп окулду
×