Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ош

Видео - Кара-Кулжадагы үйдө мыйзамсыз багылып жаткан тоо теке табылгыча өлүп калган

Turmush -  Кара-Кулжанын Көк-Арт айылынын тургуну үйүндө 1,5 жылдан бери тоо текенин баласын мыйзамсыз багып жүргөнү ачыкка чыкты. Бул тууралуу жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Туратбек Сатинбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы 1-февраль күнү социалдык тармак аркылуу үйдө багылып жаткан тоо текенин баласы тартылган видеотасма тараган.

«Бул видеону иликтеп, 3 ай тактоо иштерин жүргүздүк. Натыйжада 5-май күнү кийиктин баласын мыйзамсыз баккан адам Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Көк-Арт айылынын 1948-жылы туулган тургуну экени аныкталды. Анын үйүнө барсак тоо текенин баласы өлүп калганын айтып, терисин алып чыкты. Ага карата жеринде протокол түзүлүп, 1 баш тоо эчкисин мыйзамсыз кармагандыгы үчүн 100 миң сом доо коюлду. Учурда бул иш Кара-Кулжа районунун сотуна өткөрүлүп берилди», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2582
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×