Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 25.05.2018 07:47 На русском

20 жылдыктардын белеги: Ак-Кыядагы 5 балалуу үй-бүлөнүн үйүнүн курулушун бүтүрүп беришти (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында 20 жыл мурун мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген айылдашынын 2 бөлмөлүү үйүнүн курулушун бүтүрүп беришти. Бул тууралуу демилгечилердин бири Өмүрбек Абдибаитов билдирди.

Анын айтымында, классташтар Бедалбай Амиракулов атындагы орто мектепти 1998-жылы окуп бүтүрүшкөн.

«Биздин 20 жылдык жолугушуу кечебиз Рамазан айына туура келгендиктен өлкөбүздө салтка айланып калган майрамдык кечени өткөрүүнүн ордуна Нурбек Үрүстөмовдун 2 бөлмөлүү үйүнүн курулушун бүтүрүп бердик. Ал үйдүн дубалы эле тургузулуп, бүтпөй турган эле. Анын 5 жаш баласы бар. Үй курууга шарты болбой жаткан. Ошондой эле мектепке, бала бакчага акчалай жардам көрсөттүк», - деди Ө.Абдибаитов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×