Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 28.05.2018 11:28 На русском

Кара-Кулжадагы жайлоого чыккан тургундар 4 баш тоо теке атып алышкан (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районунда кийиктерди мыйзамсыз аткан тургундарга салынган 220 миң сом айып 2 жылдан бери төлөнбөй жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин түштүк аймагы боюнча аңчы ыкчам топтун башчысы Төлөнбай Каримов билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылдын 20-августунда Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор аймагынын 3 тургуну Балык-Суу жайлоосунан 4 баш тоо текени мыйзамсыз атып, аларга 220 миң сом айып салынган.

«Алар кармалган учурда кийиктерди 2001-жылы жайлоодон атып алышканын, кийин атылган кийиктер менен сүрөткө түшүп, сүрөт интернетке тарап кеткендигин айтышып, түшүнүк кат жазышкан. Кийиктердин эти менен тамактанганын мойнуна алышып, протокол түзүлгөн. Бирок мамлекетке келтирилген 220 миң сомдук зыянды бүгүнкү күнгө чейин төлөп берише элек. Тактап айтканда, ар бир кийикке 55 миң сомдон төлөө буйругу аткарылбай жатат. Биз кийик аткандардын артынан түшүп, алардын интернетке тараган сүрөтүнөн таап чыкканбыз. Кара-Кулжа райондук прокуратурага, сотко бир канча жолу кайрылдык, бирок алар чара көргөн жок. Алар кийиктерди 2015-жылы эле атышкан. Ага карабай 2001-жылы атылды деп бизди алдап, доодон да баш тартууну көздөп жатышат. Бул жагдайга жогорку бийликтен чара көрүүнү суранабыз», - деди Каримов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×