Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ош

Кеңеш айылына 20 жылдык бүтүрүүчүлөр кичи футбол аянтчасын курушту (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл аймагына караштуу Кеңеш айылындагы Жапар Ахматалиев атындагы орто мектепти 20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр айылга кичи футбол аянтчасын курушту. Бул тууралуу бүтүрүүчүлөрдүн бири Азизбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, футбол аянтчасын курууга 1 млн сомго жакын каражат жумшалган.

«Быйыл мектепти бүтүргөнүбүзгө 20 жыл болду. Өлкөбүздө салтка айланып калган майрамдык кечеден баш тартып, кичи футбол аянтчасын курууну чечтик. Анткени айылда буга чейин футбол аянтчасы болгон эмес. Жаштар ар кайсы жерлерде топ ойноп келишкен. Учурда аянтча толук бүткөрүлүп, эртең колдонууга берилет. Спорт аянтчаны Аймактарды өнүктүрүү жылына карата курдук. Ошондой эле жаштардын биримдигин, ден соолугун чыңдоо, аларды спортко тартып, кылмыштуулуктан арылтууну максат кылабыз. Айылыбыздан мыкты спортчулар чыгат деп ишенебиз», - деди А.Өмүрзаков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3741
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×