Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 18.05.2018 14:44 Жаңыланды: 18.05.2018 15:30

Айыл турмушу: 58 жаштагы З.Жумашова 8 баласын өстүргөндөн кийин кол өнөрчүлүк менен алектенип баштаган (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу Терек айылынын 58 жаштагы тургуну Зина Жумашованы кооз буюмдарды жасаган кол өнөрчү катары тааанышат. Ал 12 бала төрөп, 4 ымыркайы чарчап калган. Бүгүнкү күндө 8 баланын бактылуу энеси.

«Мен 1 уул, 7 кызды төрөп, баатыр эне болдум. Жашым орто жаштан өткөндө гана тигүүчүлүктү колго алдым. Илгертеден биздин айылдын аялдары чогулуп, таар согуп, боз үй жасап келишкен. Айыл тоолуу жерде жайгашып, климаты суук болгондуктан мөмө-жемиш бышбайт. Жергиликтүүлөр картошка, сабиз гана эгишет. Негизинен эл мал-жандык менен жан багабыз. Мурда буудай жана арпа эгилип келсе, кандайдыр бир белгисиз себептерден улам акыркы жылдары такыр эгилбей калды.

Элибиз жыл сайын кереметтүү жайлоолорго чыгып, боз үй тигишет. Андыктан боз үйгө керектелүүчү таар жана башка буюмдарды ар бир үй-бүлө даярдайт. Буга байланыштуу мен дагы килем, таар согуп, сандыкчаларды, куурчак кыз-жигиттерди, баштыктарды жасай баштадым. Жакында «Алайкуу-2018» аталышындагы этнофестивалда талантымды көрсөтүп келдим.

Өзүм тигүүчүлүктү деле окуган эмесмин. Болгону турмуш кургандан тарта үй-бүлөгө керектүү буюмдарды жасап келгем. Мен жасаган буюмдар тойлордо белек катары да берилет. Ал буюмдарды 100 сомдон баштап, 3 миң сомго чейин баалайм», - деди З.Жумашова.

Чебер айым ата-энелеринин макулдугу менен жолдошуна турмушка чыкканын, учурда 17 неберенин чоң энеси болгонун кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×