Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 14.05.2018 11:04

Терек айылындагы негизги көчөнү 20 жылдык бүтүрүүчүлөр жарыктандырды

Turmush -  Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек айылындагы мектепти мындан 20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр айылдын негизги көчөсүн жарыктандырып беришти. Бул тууралуу бүтүрүүчүлөрдүн өкүлү Азатбек Шерматов билдирди.

Анын айтымында, Терек айылындагы А.Абдымомунов атындагы орто мектебин 1998-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр 9-май күнү жылкы союп, 10-май күнү мектепке белектерди тапшырышкан. Ошондой эле концерттик программа уюштурушту.

Андан сырткары Терек айылынын борбордук көчөсүн жарыктандыруу демилгеси ишке ашырылды. Бул иштер үчүн 14 классташ 20 миң сомдон чогулткан. Ал эми бул ишти толук бүткөрүү үчүн жергиликтүү бийлик долбоор жазып, БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан 5 миң долларга керектүү каражаттар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×