Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 08.05.2018 14:55

Алайкуу өрөөнүндө алгачкы жолу сүттү кайра иштетүүчү цех ачылды (фото, видео)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө алгачкы жолу сүттү кайра иштетүүчү цех курулду. Бул тууралуу «Алайку органикс» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Аскар Маметжанов билдирди.

Анын айтымында, цех күнүнө 2 тонна сүттү иштетип, курут, быштак, сүзмө, май өндүрөт.

«Алайкуу өрөөнүндө мындай цех алгачкы жолу курулду. Цех күнүнө 2 тонна сүттү иштетет. Биз өндүрүлгөн продукцияларды Казакстан, Россияга экспорттойбуз. Андан сырткары, өлкөнүн ичинде да сатууга чыгарылат. Биздин башкы максатыбыз — улуттук суусундуктарды жайылтуу. Быйыл III Көчмөндөр оюндарына дагы катышууну максат кылып жатабыз», - деди ал.

Цехтин технологу Гүлчоро Алманбет уулунун айтымында, цехтин ачылышы менен жергиликтүү жаштар иш орундары менен камсыз болушту.

«Бизде ар бир үйдө жок жегенде төрттөн уй бар. Биз сүттү сатыкка чыгарбай, өзүбүз эле пайдаланып келгенбиз. Эми тургундар сүттү цехке тапшырып, каражат табышат. Айыл жаштары да жумуш менен камсыз болушту. Ишке кирүү үчүн бир ай атайын окуудан өтүштү. Бул жерде 5 кызматкер иштейбиз», - деди Г.Алманбет уулу.

Цех 4-5-май күндөрү өткөрүлгөн «Алайкуу-2018» этнофестивалынын алкагында ачылган. Фестиваль Ош облусунда туризмди өнүктүрүү максатында уюуштурулуп, ага чет элдик туристтер да күбө болушту.

«Кыргыз Экотуризм» туристтик операторлор ассоциациясынын төрагасы Амандос Зикировдун айтымында, «Алайкуу-2018» туризм фестивалында улуттук тамак-аштар, улуттук буюмдардын көргөзмөсүнө ар тараптан келген 100дөн ашуун туристтер жана жергиликтүүлөр күбө болушту. Ага кошо улуттук ат оюндары да болуп, кыз куумай, эр эңиш, бука тартыш, эр эңиш, жого жарыш, кыргыз күрөш, ордо, сыяктуу оюндар көргөзүлдү.

Ошондой эле боз үй тигүү боюнча мелдеш өтүп, 17 мүнөттө боз үй тигилип бүттү. Андан сырткары кыргыздын ар кандай каада-салттары боюнча мастер-класстар көргөзүлдү.

«Максатыбыз — туристтерди Алайкуу өрөөнүнө тартуу, кыргыздын каада-салтын сактап калуу жана кайра жандандыруу. Мурда Алайкуу өрөөнүнө 5-6 турист келсе, быйылкы жылы 30дан ашуун турист келген. Биздин иш-чарабыздан кийин мындай кооз жерлерди көргөн туристтер көбөйөт деп ишенебиз.

Боз үйлөр Ысык-Көл облусунан атайын буюртма аркылуу алынып келген. Алар ордунан жылбайт жана ар дайым туристтерди кабыл алууга даяр. Кыргыз үйлөрдүн ар биринин баасы 7 миң долларга бааланат. Азыр дагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында Ак-Буура дарыясына боз үйлөр тигилип, кичи шаарча куруп, туристтерди тартууга даярданып жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×