Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 05.05.2018 11:23

Туристтердин катышуусундагы алгачкы «Алайкуу-2018» этнофестивалы кызуу уланып жатат (фото)

Turmush -  Алгачкы жолу чет элдик туристтердин катышуусунда уюштурулган «Алайкуу-2018» этнофестивалынын негизги бөлүгү бүгүн, 5-майда өткөрүлүп жатат. Фестивалга Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканов, Ысык-Көлдөн келген ишкерлер, бейөкмөт уюмдар, БУУнун Азык-түлүк программасынын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана чет өлкөдөн келген туристтер күбө болуп жатышат, деп билдирди аймактык кабарчы. Алгач аким Примберди Дыйканов жалпы элди бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

Фестивалдагы көргөзмөгө жергиликтүү тургундар кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин, улуттук тамак-аштын түрлөрүн алып чыгышкан. Аталган фестиваль Ош облустук интеграциялык өнүктүрүү долбоорунун алкагында уюштурулуп, концерттик программалар, улуттук оюн болгон ат оюндары менен уланат. Ошондой эле алгачкы жолу сүттү кайра иштетүүчү цехтин ачылышы болот.

Фестивалга жалпы 20 боз үй тигилген жана аларда туристтер үчүн жакшы шарттар түзүлдү. Чет өлкөдөн келген туристтердин басымдуу бөлүгү боз үйдүн жасалгасына таң калып, кыргыздын көөнөрбөс мурастарына жогорку баа берүүдө. Алардын бири — америкалык Карл Лайлес Алайкууга алгачкы жолу келди. Ал кыргыздын улуттук оюндарына кызыга тургандыгын, ордо оюнун ойноп көрүүнү пландап жатканын айтты.

«Мен Орто Азияга биринчи жолу келишим. Салттары, тамак-аштары, улуттук оюндары абдан жакты. Досторумду да Алайкууга алып келейин деп ойлоп жатам. Анткени жаратылышы мени таң калтырды»,-деди Карл Лайлес.

Ал эми 5 жаштагы Айбийке Талгат кызы «Апакем» ырын даярдап келген.

Этнофестиваль кечээ, 4-майда башталып, 16 боз үй тигилген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×