Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ош

Алайкууда 16 боз үй тигилип, этнофестиваль башталды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 4-майда Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө «Алайкуу-2018» этнофестивалы башталды. Бул тууралуу Кызыл-Жар айыл өкмөтүнөн кабарлашты.

Бүгүн конокторду тосуп алышып, аларды аймак менен тааныштырып чыгышат. Эртең, 5-майда фестивалдын негизги бөлүгү өтөт. Анда улуттук тамак-аштарды даярдоо боюнча мастер-класс жана алардын даамын татуу, сувенирдик буюмдарды жасоо боюнча мастер-класстарды өткөрүү пландалган. Ошондой эле фестивалда улуттук оюндар боюнча мелдештер өтүп, концерттик программа да уюштурулат. Бүгүн көк бөрү боюнча алгачкы мелдештер башталды.

Иш-чарага бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана туристтер катышат деп күтүлүүдө. Мындан сырткары, кыргызстандык жана чет элдик туристтик агенттиктердин өкүлдөрү да келишет.

Учурда жалпы 16 боз үй тигилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1362
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×