Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 28.04.2018 13:20

Кара-Кулжада эки баланы унаа сүзүп, бири каза болгон: Айдоочу камакка алынды

Turmush -  Кара-Кулжада жол четинде ойноп жаткан балдарды сүзүп кеткен унаанын айдоочу камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук ЖКККБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, кечээ, 27-апрелде саат 16:30 чамасында Кара-Кулжа районунун Калинин айылында жол четинде ойноп жаткан 2 жаш баланы унаа сүзүп кеткен. Алардын бири — 8 жаштагы бала ошол жерде каза болгон.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, «Ваз-2106» үлгүсүндөгү унаа сүзгөн 9 жаштагы экинчи бала Кара-Кулжа аймактык ооруканасына жеткирилген. Анын акыреги сынганы маалым болду.

Учурда унаанын 1966-жылы туулган айдоочусу камакка алынып, тергөө уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×