Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ош

Кара-Кулжада жолдун четинде ойноп жаткан эки баланы унаа сүзүп, бири каза болду

Turmush -  Бүгүн, 27-апрелде саат 16:30 чамасында Кара-Кулжа районунун Калинин айылында жол четинде ойноп жаткан 2 жаш баланы унаа сүзүп кетти. Алардын бири — 8 жаштагы бала ошол жерде каза болгонун ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, «Ваз-2106» үлгүсүндөгү унаа сүзгөн 9 жаштагы экинчи бала Кара-Кулжа аймактык ооруканасына жеткирилген. Унаанын айдоочусу ошол эле айылдын тургуну экени аныкталды.

Учурда жол кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1380
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×