Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 29.03.2018 12:43 Жаңыланды: 29.03.2018 13:50

Алайкууда калың кар жаап, электр жарыгы өчтү (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө калың кар жаап, электр жарыгы өчтү. Жергиликтүү тургундардын айтымында, түнү менен жааган кардын калыңдыгы 40 см жеткен.

Кечээ, 28-мартта саат 22:45 чамасында электр жарыгы өчүп, калыбына келтириле элек. Ошондой эле кар жааган аймакта мобилдик байланыш жок. Кардын калыңдыгынан ички чарбалык жолдор да жабылып, айрымдар үчүн тоют маселеси көйгөй жаратып баштады. Учурда жергиликтүү бийлик тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат.

Кийинчерээк «Ош электр» ишканасы бүгүн, 29-мартта калың карга байланыштуу Кара-Кулжанын Капчыгай айыл аймагындагы Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алайкуу, Чалма айылдарында электр жарыгы өчүрүлгөнүн билдирди. Ой-Тал менен Теректе электр жарыгын берүүчү жабдуулардагы авариянын себептери такталып жатат. Ошондой эле Алайкуу, Кызыл-Жар, Ой-Талда электр жарыгын калыбына келтирүү иштери аткарылат. Бүгүн кечке чейин оңдоо иштерин аяктоо аракеттери көрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×