Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 21.03.2018 13:44

Кара-кулжалыктар улуттук каада-салттарды даңазалашты (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун борборунда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленип жатат. Алгач тамак-аштардын көргөзмөсү өтүп, улуттук тамактар, суусундуктар көргөзмөгө коюлган.

Бул жылы майрамдык салтанатта улуттук каада-салтка басым жасалууда. Кыргыздын салттары сахналаштырылып көрсөтүлүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тургундарды Нооруз майрамы менен куттукташты. Учурда салтанат концерттик программа менен улантылып жатат.

Майрамдын аягында ар кандай сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктар тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×