Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Ош

Кара-Кулжада дарыяга агып кеткен тургунду 100дөн ашык адам издеп жатат

Turmush -  Кара-Кулжа районунда Тар дарыясына агып кеткен жергиликтүү тургунду издөө иштери улантылып жатат. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 27-февралда саат 17:10 чамасында Ичке-Суу айылындагы дарыяга 44 жаштагы тургун агып кеткени тууралуу билдирүү түшүп, куткаруучулар жөнөтүлгөн.

Анын өздүгү такталып, 1974-жылы туулган М.М. (эркек киши) экени аныкталды. Кечээ , 1-мартта издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин 66-өзүнчө куткаруу отрядынан 6 куткаруучу, Кара-Кулжа райондук өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 20 куткаруучу, РИИБден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 100 адам тартылган.

Издөө иштери саат 17:30да убактылуу токтотулуп, бүгүн, 2-мартта улантылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1068
Көп окулду
×