Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 20.02.2018 09:01

Кар көчкү түшкөн Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды

Turmush -  Кара-Кулжа районунда 15-февралда түшкөн кар көчкүдөн улам жабылган Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-февраль күнү саат 11:00 чамасында аталган жолдун 75-102-чакырымдарында (Тамчы тилкеси) көлөмү 73000 метр куб кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген эмес. Карды тазалоого №26 жол тейлөө ишканасынан 2 бульдозер, 3 жүктөгүч жана 5 кызматкер тартылып, жол бир тараптуу ачылды. Тазалоо иштери бүгүн дагы улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×