Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 15.02.2018 13:20 Жаңыланды: 15.02.2018 14:18 На русском

Видео, фото — Ой-Талдагы кар 1 метрге жетип, Кара-Кулжа—Алайкуу жолун кар көчкү тосуп калды

Turmush -  Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунда кар көчкү түшүп, эки тараптуу каттам убактылуу жабылды. Учурда Алайкуу, Ой-Тал, Кызыл-Жар айыл аймактарында кар жаап жатканын жергиликтүү тургундар кабарлашты. Алардын айтымында, Ой-Талда эртеден бери тынбай жааган кардын калыңдыгы 1 метрден ашты.

Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Кубатбек Осмонов 5 техника Алайкуу өрөөнүнө баруучу негизги жолду ачууга аракет кылып жатканын билдирди. Айылда электр жарыгы бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүн, 15-февралда саат 11:00 чамасында Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында көлөмү 8 миң метр куб кар көчкү, 82-105-чакырым аралыктарында 65 миң метр куб кар көчкү түшүп, жолду жаап калган. Учурда кар көчкүнү тазалоо иштери улантылып жатат.

2017-жылы 17-ноябрда түнкүсүн Алай-Куу өрөөнүндө калың кар жаап, Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алайкуу, Капчыгай айыл аймактарында кардын калыңдыгы 1 метрден ашкан. Андан улам Ой-Тал айыл аймагынын Көңдүк айылында, Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек, Коочаты айылдарында, Алай-Куу айыл аймагынын Көк-Арт, Кан-Коргон айылдарында ички чарбалык жолдор жабылган болчу.

Кардын калыңдыгынан Алайкуу айыл аймактарындагы бала бакчалар менен мектептер убактылуу жабылган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×