Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Ош

Мекендештер: Кара-кулжалык Нурпери Казакстандагы кыйынчылыктарды жеңип, Кытайда бекер билим алууда (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылында чоңойгон 25 жаштагы Бектемир кызы Нурпери 3 жылдан бери Кытайдын Пекин шаарында магистратурада билим алууда. Аймактык кабарчы мекендештен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, эл аралык соода багытында билим алып жатат.

«5-класска чейин туулган жерим Коо-Чаты айылында окугам. Андан кийин ата-энемдин жумушуна байланыштуу 6-9-класска чейин Казакстандын Астана шаарындагы №7 мектеп-гимназиясында окудум. Астанага жаңы барганда ата-энем орус класска берип коюшту. Айылда кыргыз мектепте окугандыктан Астанага которулуп барганда тилден кыйналгам. Маанисин түшүнбөсөм да түнү менен сабактардан тапшырмаларды жаттачу элем. Жооп берип жатканда айрым сөздөрүн унутуп калып, улантып кете албай «3» алып, апама өксүп ыйлачумун. Анткени айылымда эң алдыңкы окуучулардын катарында элем. Бирок ата-энем колдоп, «сенин колуңдан баары келет, биз сага ишенебиз», деп ар дайым алга сүрөп тургандыктан жакшы окуп кеттим.

Астанадан 9-классты бүтүрүп, Бишкекке медицина факультетине тапшырууга келсем, 9-класстын базасында окууга кабыл албай калышыптыр. Орто билимди толук алуу үчүн 10-11-классты Бишкекте окудум. Андан кийин 2011-2015-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз-кытай институтунда бакалавр даражасын артыкчылык диплому менен бүтүрдүм.

Кытай тилин тандоого да ата-энем кеңеш беришкен. Институтубузда көптөгөн сынактар өтчү. Ошол жакта окуп жүргөндө кытай тили, маданияты боюнча өткөрүлгөн сынактан өтүп, 1 жылга Конфуций стипендиясы менен Кытайга келип окудум. Ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланып, ал жактан өзүмдү жакшы көрсөтүп, Кытай тилинен сынак тапшыргам. Ал жактагы мугалимдерден мүнөзмдө кат алып, анын негизинде 2 жылга магистратурага бекер окууга кабыл алындым. Азыр окуган окуум, жашаган жерим бекер, айына стипендия дагы алам.

Университеттин түптөлгөнүнө 82 жыл болду. Университетте көптөгөн мааракелер өтүп турат. Алардын алкагында ар бир мамлекеттин студенттери өз элинин улуттук кийимдерин, тамак-ашын, бий, оюндарын тааныштырат. Мындай мааракелерге кыргызстандык студенттер активдүү катышабыз. Университетте кыргызстандык 10дой студент окуйт. Тил айырмачылыгы болгондуктан окуу бир аз кыйыныраак. Бирок окуса болот, студенттин аракетине байланыштуу», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле Кытайга баргандан кийин көпкө чейин көнө албай жүргөндөгүн кошумчалады. Учурда кытай тилинде эркин сүйлөйт.

«Кытайга жаңы келгенде тамак-ашына көнө албай, 10 күндөй апам салып берген нанды жеп жашагам. Көпкө чейин көнө албай жүрдүм. Ата-энем чалып сурашса, ойлонушпасын деп «баары жакшы» деп, агам чалса «чыдабайм, кетем» деп ыйлаган күндөрүм да болгон. Кытайдын эли тартипке баш ийген, чыдамкай эл болот. Буга элинин санынын көптүгү себеп болсо керек. Анткени чоң шаарларда адам көп, метрого кирүү үчүн да кезек күткөн учурлар болот. 40 сааттан ашык убакыт жүрүүчү поезддерде отурганга орун жок, жерге бир нерсе төшөп, үстүнө отуруп кете беришкени абдан таң калтырган. Ушундай нерселер көзүңдү ачып, баарына шүгүрчүлүк келтирүүгө үйрөтөт экен. Бизден айырмаланган жактарын айта берсек көп. Кытай азыр абдан өнүгүп жатат. Мисалы жолдорунда унааларды караган кызматкерлерин көрбөйсүз. Бардык жерде байкоо камералары орнотулган. Жол кырсыгы да аз кездешет.

Мага кытайлыктардын чет элдиктерге болгон көз караштары жакшы. Өзүңдү башка бирөөнүн жеринде жүргөндөй эмес, эркин сезесиң. Албетте мыйзам чегинде (күлүп)», - деди ал.

Студент үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1076
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×