Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 27.01.2018 14:12

Кара-Кулжада кар көчкү тазаланып, жолдо калган жүргүнчүлөр үйүнө жеткирилди (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун 3 айыл аймагына кетүүчү негизги Мырзаке—Кара-Кулжа жолуна түшкөн көчкүлөр тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 26-январда түштө Алайкуу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар, Алай-Куу, Ой-Тал айыл аймактарына кетүүчү негизги жолдун Тамчы, Көк-Көл учаскаларанынан кар көчкү түшкөн. Кар көчкүнү райондук жол тейлөө ишканасынан 5 техника тазалады. Жолдо калган жүргүнчүлөр үйлөрүнө жеткирилген.

Учурда жол ачык жана кар көчкү түшүү коркунучу азынча жок экендигин кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×