Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 18.01.2018 09:21

Мекендештер: Кара-кулжалык Ө.Таиров 7 жылдан бери Кореяда окуп, иштеп да жатат (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Жаңы-Талап айылынын 26 жаштагы тургуну Өмүрбек Таиров 7 жылдан бери Түштүк Кореяда окуп, иштеп да жатат. Аймактык кабарчы алыстагы мекендештен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Сеул шаарындагы Йонсей университетинде билим алып жатат. Корея корей тилин үйрөнүп, 2011-жылы тестти ийгиликтүү тапшырып, окуу жайга кабыл алынган.

«2009-жылы мектепти аяктадым. Ал жылдары Кореяга эмгектенүүгө кеткен мекендештерибиздин саны өсүп жаткан. Кыргызстан менен Кореянын эмгек келишими тууралуу угуп, корей тилин үйрөндүм. Андан кийин тест тапшырып, 2011-жылы чакыруу алып, Сеул шаарындагы ишканалардын бирине жумушка орноштум. Кореяга келгенде абасына жана тамактарына көнө албай кыйналып жүрдүм. Биз дайыма эт жеп көнгөнүбүз себеп болду окшойт. Бул жакта көпчүлүк тамактар жашылча-чөптөрдөн даярдалат. Башка тамактарын жейин десем 80% чочконун этинен жасалгандыктан каалагандай тамактана албай жаттым. Тилден да кыйналып, адашып, барар жеримдин дарегин дурустап сурай албай, оюмду кеңири билдире албай кыйналган учурлар болду. Азыр ошол мезгилдерди эстеп күлүп калам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле окуудан тышкары ашпозчунун жардамчысы болуп эмгектенип жаткандыгын кошумчалады.

«Бул жакта эмгектенип жүргөндө эң алдынкы окуу жайга кирүүнү каалагам. Күндө уктардын алдында университетте окуганымды элестетип кыялданчумун. «Жаштын тилегин берет» дегендей кыялым орундалып, Сеул шаарынын эң алдыңкы Йонсей университетине окууга кирдим. Окуунун алгачкы 6 айынан кийин университеттин уруксаты менен кафеде идиш жуугуч болуп жумушка орноштум. Кийин корей тамактарын жасаганды үйрөнүп, алгач ашпозчунун жардамчысы андан кийин ашпозчу болуп иштеп жатам. Ар бир адам окуу менен жумушту айкалыштырса болот. Бул жакта окууга өтө жакшы шарттар түзүлгөн.

Кореяга келүүнү пландаштырып жаткандарга кеңешим — мектепте, университетте жакшы окуңуздар жана англис тилин сөзсүз үйрөнүңүздөр. Кайсы өлкөгө барганы жатсаңыз ал өлкө тууралуу толук маалымат алып, андан соң баруу керек», - деди студент.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×