Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 16.11.2017 16:10 Жаңыланды: 16.11.2017 18:42 На русском

4 млн сомдук той: Атактуу улакчы байгеге 5 унаа, 3 төө, 30 тай жана карышкыр берип, 5 миң адамды коноктоду

Turmush -  Кечээ, 15-ноябрда Кара-Кулжа районунун тургуну, чемпиондукка жеткен көк бөрүчү Жандар Төрөев 4 млн сом каражат сарптап, сүннөт той жана үй той өткөрдү. Анын урматына көк бөрү мелдеши өткөрүлүп, байге куржуну калың болду. Бул тууралуу той ээсинин бир туугандары кабарчыга билдирди.

Жандарбек Төрөев уулдары — 12 жаштагы Оомат, 10 жаштагы Эрбол жана 9 жаштагы Эмирге арнап уюштурган көк бөрү Биринчи май айылында өтүп, байге үчүн 5 «ВАЗ 2107» унаасы, 3 төө, 3 жабдыктуу ат, 30 тай, 2 төө, 2 топоз, 30 баш кой, 10 эчки жана 1 карышкыр даярдалган. Ага өлкөнүн 7 облусундагы улак тартыш оюнун сүйүүчүлөр, атагы чыккан улакчылар жана Өзбекстан, Казакстан мамлекеттеринен бери келген коноктор күбө болушту. 

Той ээси

Жандарбек Төрөев

А 9

Кызуу өткөн оюндун жыйынтыгында «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү автоунаа жана бир ат сыйлуу конокторго белекке берилди. Башкы байгеге өзгөндүк улакчы Байыш Ниязов татып, «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү автоунаанын бирин утуп алды. Ошондой эле, дагы бир автоунааны Жалал-Абаддан келген улакчылар алса, калган байгелер улак тартыш оюнунда өзүнүн күчүн көрсөткөн улакчыларга бөлүштүрүлдү. Ал эми, байгедеги карышкырды Жаныш Ниязов утуп алган.

Андан тышкары күрөш боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр баалуу байгелер менен сыйланышты. Тойго келген конокторго 3 жылкы, бир топ кой союлуп, жалпы 5 миңдей адамга сый көрсөтүлдү.

Той ээси Жандар Төрөев барган жеринде баш байгелерди ээлеген улакчы катары Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанга чейин таанымал.

Мыкты көк бөрүчүлөр чыккан үй-бүлө... 

Бул тойдо да баш байгеге ээ болгон Ниязовдордун үй-бүлөсү Манас, Жаныш, Баяман, Кыяз жана Байыш аттуу мыкты улакчылары менен таанымал. Алардын арасынан улак тартышка эрте аралашкан Манас Ниязов 6 жылдан бери ушул чөйрөдө жүрөт.

Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен маектешкенде: «Менин атам улакчы болгондуктан мен дагы атамдын жолун жолдоп улакчылыкты тандап алдым. Менин улакчы болушума бир тууган агаларым дагы түрткү берди. Биз үй-бүлөдө 5 уул, 2 кызбыз. Агаларым менен баарыбыз улак тартышка түшөбүз. Бир топ оюндарда алдыңкы орундарды алдык», - деген.

4

1

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×