Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ош

41 жыл мурунку сүрөт: Сооронбай Жээнбеков классташтары менен

Turmush -  Президенттик шайлоодо жеңүүчү болгон Сооронбай Жээнбеков Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылындагы азыркы Б.Эшманбетов атындагы мектебинде билим алган. Ал 1966-жылы мектеп босогосун аттаса, 1976-жылы аяктаган.

Б.Эшманбетов орто мектебинин учурдагы директору Зоя Нурматованын айтымында, мектеп 1955-жылы негизделген. Ал мезгилде имарат 1 кабаттуу болуп, Сталин орто мектеби деп аталчу. Кийинчерээк Кара-Кулжа орто мектеби болуп өзгөртүлүп, ошол эле мектеп 1970-жылы 3 кабаттуу, 640 орундуу, спорт залы бар билим берүү мекемесине айланган. Союз тарагандан кийин мектеп Б.Эшманбетов атындагы лицей класстары бар орто мектеп болуп өзгөргөн.

«Мен ушул эле мектепти Сооронбай Жээнбековдон 4 жылдан кийин бүтүрдүм. Мен билгенден Сооронбай Жээнбеков райондогу волейбол боюнча эң мыкты оюнчулардын бири болгон. Аны 1-класста окуткан мугалими каза болгон. Экинчи мугалими Вера Ишматова азыркы кезде да башталгыч класстарды окутат. Ал Сооронбай Жээнбеков мыкты окуган, сабактан калбаган аракетчил окуучу болгонун айтты.

Сооронбай волейбол боюнча райондук, облустук курама командалардын катарында ойноп жүргөн. Волейбол боюнча машыктыруучусу Мааман Исмайылов азыркы кезде дагы райондун спорт мектебинде эмгектенип келет. Сооронбайды жаш кезинен билген достору аны мектепте окуп жүргөндө эле токтоо, спортко жакын болгонун айтышат. Аз сүйлөп, айткан сөзүнө турган жигит болгондуктан анын достору көп болгон экен. Сооронбай Жээнбеков билим алган мектебине 10-20 жылдык мааракелерде классташтары менен жолугушууга келген», - деди Зоя Нурматова.

СЖ  11

Бүгүнкү күндө аталган мектепте 1183 окуучу билим алып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8879
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×