Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Ош

Видео, фото - С.Жээнбековдон сүйүнчү: Кара-кулжалык 3 эмдин ысымы Сооронбай, Түгөлбай жана Түмөнбай болду

Turmush -  Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен алдыда келе жаткан Сооронбай Жээнбеков Кара-Кулжада төрөлгөн 3 эмге сүйүнчү берди. Буга чейин маалымдалгандай, 7-октябрда 3 эм төрөгөн 33 жаштагы Гүлбайра Кунтаева шайлоодо жеңүүчү болгон талапкердин ысымын уулдарынын бирине ыйгарышканын билдирген.

Бүгүн, 18-октябрда Кара-Кулжа айыл аймагындагы Биринчи май айылында жашаган жаш үй-бүлөгө С.Жээнбековдун атынан 20 миң сом өлчөмүндөгү сүйүнчүнү райондун акими Примберди Дыйканов тапшырды. Ошондой эле, райондук администрация тарабынан 12 миң сом, Биринчи май айыл өкмөтү тарабынан 10 миң сом акчалай сыйлык берилди.

«Ушул жумада төрөтканадан чыгабыз. Бүгүн 3 эмге туулгандыгы тууралуу күбөлүк алабыз. 3 эмди Сооронбай, Түгөлбай, Түмөнбай деп атадык», - деди Г.Кунтаев.

33 жаштагы Гүлбайра Кунтаева буга чейин 3 кыздын апасы болчу.

«Буга чейин 3 кызым бар болсо, эми 3 эмдүү болдук. Өтө кубанычтамын. Жолдошум, жалпы туугандарыбыз кубанып отурабыз. Эң улуу кызым Алмира быйыл 4 жашта. Андан кийинки эгиздер — Жазайым менен Нурайым 2,5 жашка толду», - деди.

Дарыгерлердин айтымында, эненин жана 3 эмдин ден соолугу жакшы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 22671
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×