Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 17.10.2017 13:24 Жаңыланды: 17.10.2017 18:24 На русском

Фото - Ошто төрөлгөн 3 эмдин бирин Сооронбай деп аташты

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Биринчи май айылынын тургуну Гүлбайра Кунтаева эгиз кыздарынан кийин 3 эмдүү болгон. Алардын бирине жаңы шайланган президенттин ысымын берүүнү чечишкен эле.

3 эм уулдун апасы Гүлбайра Кунтаева президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен алдыда келе жаткан Сооронбай Жээнбековдун ысымын уулдарынын бирине ыйгарышканын айтты.

«Ушул жумада төрөтканадан чыгабыз. Бүгүн 3 эмге туулгандыгы күбөлүк алабыз. Балабыздын бирин Сооронбай деп атадык», - деди ал.

33 жаштагы Гүлбайра Кунтаева буга чейин 3 кыздын апасы болчу.

«Буга чейин 3 кызым бар болсо, эми 3 эмдүү болдук. Өтө кубанычтамын. Жолдошум, жалпы туугандарыбыз кубанып отурабыз. Эң улуу кызым Алмира быйыл 4 жашта. Андан кийинки эгиздер — Жазайым менен Нурайым 2,5 жашка толду», - деди 33 жаштагы Г.Кунтаева.

Ош облустук төрөт стационарынын башкы дарыгеринин орун басары Дамира Ташмаматова эне менен балдардын абалы жакшы экенин айтты.

«Гүлбайра 7-октябрь күнү операция аркылуу 3 эм уулдарын жарыкка алып келди. Бизге кош бойлуулуктун 36-жумалыгында келген. Балдардын салмагы 1 кг 960 гр, 2 кг 200 гр жана 2 кг 175 гр болуп төрөлдү», - деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×