Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 06.10.2017 09:39

Ноокаттагы жол кырсыктан 7 адам жабыркады (тизме)

Turmush -  Ноокат районундагы жол транспорт кырсыктын кесепетинен 7 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышты. Бул маалыматты Turmush басылмасына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 5-октябрда саат 15:00 чамасында Ноокат—Кызыл-Кыя унаа жолунун 30-чакырымында эки унаа кагышкан.

Жабырлануучулар:

- 1965-жылы туулган Ж.Салима, Кара-Суудагы Жаңы-Арык айылынын тургуну;

- 1971-жылы туулган Ж.Базаргүл, Кара-Суудагы Жаңы-Арык айылынын тургуну;

- 1956-жылы туулган Т.Ырыс, Жаңы-Арык айылынын тургуну;

- 1958-жылы туулган Т.Мамыт, Жаңы-Арык айылынын тургуну;

- 1995-жылы туулган Н.Нурбек, Кара-Суудагы Көк-Жар айылынын тургуну;

- 1967-жылы туулган Г.Чолпонай, Ноокаттагы Төөлөс айылынын тургуну;

- 1996-жылы туулган А.Кайрат, Кара-Суудагы Жаңы-Арык айылынын тургуну;

Жабырлануучуларга Ноокат аймактык ооруканасынын дарыгерлери жардам көрсөтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×