Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ош

Алыскы Буйга айылындагы мектептин жаңы имараты ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 22-сентябрда Кара-Кулжа районунун эң алыскы Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылындагы мектептин 200 орундуу жаңы имараты ачылды. Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Арабиялык демөөрчүлөр каржылаган жаңы имаратта 12 класс, мугалимдердин бөлмөсү жана мектеп мүдүрүнүн иш бөлмөсү бар. Аталган мектепте 200гө жакын окуучу окуйт. Ошондой эле, мектеп эмеректер, 11 даана компьютер, интерактивдүү такталар менен камсыздалган.

Айылдагы мектептин эски имараты авариялык абалга жеткен болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3881
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×