Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 18.09.2017 09:52

Акыркы суткада өлкө аймагында 22 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 22 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 24 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 18-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл аймагындагы Ак-Кыя айылында жайгашкан 2 кабаттуу курулуш чарбада өрт чыкты. Анын кесепетинен 108 чарчы метр чатыры жана 1500 түк чөп күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелердин бузулушу өрткө себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×