Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ош

Кара-Кулжадагы интернат-лицейде жаңы спорт зал ачылды

Turmush -  Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жайгашкан Ш.Жээнбеков атындагы интернат-лицейдин жаңы курулган спорт залы салтанаттуу ачылып, окуучуларга пайдаланууга берилди. Райондук мамлекеттик администрациянын маалыматы боюнча, Билим күнүндө ачылган спорт залды куруу иштеринин жалпы сметалык баасы 19 млн 584 миң сомго жеткен. Учурда анда бардык шарттар бар.

Жаңы спорт залдуу болгон интернат-лицей 1958-1959-окуу жылында уюшулуп, Совет мектеп интернаты деп аталган. 1977-жылы революционер Ф.Э.Дзержинскийдин ысымын алып, 1996-жылдын 19-июлунда Кара-кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын токтому менен Кара-Кулжа интернат лицейи болуп түзүлгөн. Ал эми, 1998-жылы 20-октябрда райондук кеңештин чечими менен Шарип Жээнбеков атындагы интернат-лицейи болуп өзгөргөн болчу.

Учурда интернаттын жалпы аянты 2,7 гектарды түзөт. Андагы эки окуу имараты 90 орунга эсептелип, жатаканасында 120 орунга эсептелген ашкана, 10-12 орунга эсептелген мончо, медициналык пункт жана тейлөө бөлмөлөрү бар. Бул жылы мектеп-интернатта 371 окуучу билим алууну баштады. Аларды тарбиялоо үчүн 40 мугалим эмгектенет.

Жаңы спорт залдын курулушу «Ак жол курулуш Транс» ЖЧКсы тарабынан 2015-жылы башталган эле.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2269
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×