Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 10.07.2017 10:56

Кара-Кулжада 7 айылдын эли пайдаланган көпүрө кулайын деп калды (фото)

Turmush -  Аба ырайынын кескин жогорулашынан улам тоодогу мөңгүлөр ээрип, Кара-Кулжа районундагы Терек дарыясынын деңгээли көтөрүлдү. Анын кесепетинен 7 айылдын эли пайдаланган Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек-Чат тилкесиндеги негизги көпүрөнүн эки башын суу жеп кетти. Учурда көпүрө кулап калуу коркунучунда турганын жергиликтүүлөр кабарлады.

«Тез аранын ичинде тиешелүү мемлекеттик мекеме-ишканалар көпүрөнү бекемдөө иштерин жүргүзбөсө 7 айылдын тургундары район менен байланышпай калат. Учурда көпүрөнү бекемдөө иштерин жүргүзгөн эч ким жок», - деди  жергиликтүүлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×