Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ош

К.Тутуев Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары болду

Turmush -  Тутуев Канболот Мусаевич Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары болуп дайындалды.

Т

Билими:

- 1999-2004-жылдары ОшМУнун философия жана башкаруу технологиялары факультетинен мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистигин алган;

- 2005-2006-жылдары Президентке караштуу башкаруу академиясын;

- 2007-2009-жылдары Россия Федерациясынын Омск шаарындагы Ф.М.Достоевский атындагы Омск мамлекеттик университетинин юридика факультетинин аспирантурасын аяктаган.

Эмгек жолу:

- 2006-2007-жылдары Ош облустук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис;

- 2010-жылы Ош шаардык мэриясында биринчи даражадагы адис;

- 2010-2012-жылдары Ош облустук мамлекеттик администрациясында губернатордун катчысы;

- 2012-жылы өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө башкы адис;

- 2012-жылдын 23-ноябрынан баштап Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп эмгектенип келген.

Үзүрлүү эмгектери бааланып, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Коргоо министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1717
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×