Turmush — 2025-жылдын 19-апрелинде Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагына караштуу Интернационал айылындагы Первомай декадалык жөнгө салуу бассейнинин капиталдык оңдоодон кийинки ачылышы болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Эркеайым Сейтказиева жана башка мекеме-уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты.
Бассейндеги сугат суусунун сыйымдуулугу 1,098 млн м3 түзөт. Бул бассейн 1975-жылы ишке берилген. Капиталдык оңдоо геомембран төшөө менен 2024-жылдын аягында бүткөн.
Бассейнден сугат суулар Жайылма айыл аймагына, Люксембург айылынын сугат жерлерине, Узун-Кыр айыл аймактарына берилет. Натыйжада 7827 гектар сугат жана 293 гектар жаан-чачындуу жерлерди суу менен камсыздоо жакшырып, жалпысынан 8120 гектар жерди сугарууга каралган.